Кыргызстан өнүгүү жагынан Россия менен Кытайды артка калтырды. Рейтинг

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн өспүрүмдөр. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн өспүрүмдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан былтыркы жылга салыштырмалуу беш орунга ылдыйлаган (77-орундан 82-орунга түшкөн), бирок салыштырмалуу Россия (101-орун) менен Кытайдан (90-орун) алдыда.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Лондондун Legatum Institutе аттуу аналитикалык борбору гүлдөп өнүгүп келе жаткан жана байгерчилик жашоодогу өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Кыргызстан былтыркы жылга салыштырмалуу беш орунга ылдыйлаган (77-орундан 82-орунга түшкөн), бирок Россия (101-орун) менен Кытайдан (90-орун) алдыда.

Ситуация в Ливии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда терроризмдин таасири Казакстанга караганда төмөн. Рейтинг
Серепчилер жалпысынан 149 мамлекеттеги кырдаалга көз салып, алардын мыктыларын коопсуздук, жеке эркиндик, саламаттык сактоо, билим берүү, ишкерлик менен алектенүү мүмкүнчүлүгү, экономика, социалдык жетишкендик жана башкаруу сыяктуу бир катар критерийлер менен тандап алган.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, Кыргызстан быйылкы жылы социалдык байгерчилик жашоо (47-орун), билим берүү (60-орун) жана медицина (61-орунга) боюнча жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, башкаруу (113-орун) жана жеке эркиндик (92-орун) жагынан төмөнкү орунга илинген.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан алдыга озуп 72-орунду алса, экинчиде Кыргызстан, үчүнчүнү 102-орундагы Тажикстан камсыздады.

Ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.

Иликтөөнүн негизинде эң гүлдөгөн өлкө деп Норвегия аталды. Андан кийинки алдыңкы орундарды Жаңы Зеландия менен Финляндия багындырган.

Legatum Institutе аттуу британиялык борбор гүлдөп өнүккөн өлкөлөрдү 2006-жылдан бери изилдеп келе жатат. Максаты — мамлекеттердеги коомдук жетишкендиктерди иликтөө.

Жаңылыктар түрмөгү
0