БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда мал уурдоо көбөйүп, зордуктоо кылмышынын саны азайганы туурасында Улуттук статистика комитетинин отчетунда жазылды.
Ведомствонун маалыматына караганда, мал уурулардын саны быйыл 41 пайызга өсүп кеткен. Мисалы, 2017-жылдын 10 айында эле бөтөн адамдын мал-жанына "кол салган" 944 окуя катталды. Ал эми жалпы уурулук боюнча айтсак, ал дагы жети пайызга өстү. Тагыраагы, 1-ноябрга чейин 8,3 миң уурулук катталган. Бул ар бир 70-мүнөттө колу туткан адамдар ит адатын карматат дегенди түшүндүрөт.
Статистикага ишенсек, бул жылы коррупция менен күрөш өз жемишин берип жатат. Анткени паракорлук былтыркы жылга салыштырмалуу 50 пайызга азайганы айтылды.
Ал эми киши колдуу болгон адамдардын саны 10 айда 213кө жетти. Бул былтыркы жылдын ушул убагындагы көрсөткүчтөн 10 пайызга төмөндөгөнүнөн кабар берет.
Жалпысынан айтсак, атуулдарга карата болгон кылмыштар тогуз пайызга азайса, экономикалык мыйзам бузуулар эки пайызга өскөн.