Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан шаар тургундары. Архив
Көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 3…8, Таласта 2…7, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 4…9, Ысык-Көл облусунда 2…7, Нарында 0…5 градус жылыйт.

Ош менен Бишкекти ала булут каптап, күн 7…8 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0