Исаков милиционердин батири дарыгердикинен эмнеге арзан экенин түшүндүрдү

Жазылуу
Күч органдарынын кызматкерлерине салынган үйлөр мугалим жана дарыгерлердикине караганда арзан

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик ипотека эмнеге кымбат болуп жатканын премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында айтып берди.

Депутат Мирлан Жээнчороев насыянын бул түрүн мугалимдер, дарыгерлер жана соцкызматкерлер колдоно аларын билдирип, чарчы метрдин баасы канча турарын сурады.

Мамлекеттик ипотикалык компаниядан (МИК) билдиришкендей, мурда бирөөлөр жашаган үйлөрдүн чарчы метри орто эсеп менен 800 доллар болсо, жаңы курулгандардыкы 40 миң сомго чейин бааланууда.

"Анткен менен ИИМ жана УКМК кызматкерлери үчүн курулган үйлөрдөгү чарчы метрлер шаарда 400 долларга, региондордо 280 долларга берилип жатат. Анда эмнеге айлыгы 8-10 миң сомдук медиктер менен мугалимдерге мындай жогору пайыздар коюлган?" — деп суроо салды депутат.

Исаков табылган жерге үйдү күч органдары өздөрү салып жатканын, ал эми МИКке даяр үйдү сатып алам дегендер акча сурап келээрин түшүндүрдү.

Премьер-министр учурда шаар куруу боюнча жаңы нормаларды жана шарттарды түзүү пландалып, жаңы жер тилкелери каралып жатканын айтты. Ошондой эле мунун арты менен баалар төмөндөй турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0