Кыргызстанда 4-декабрь күнү Манас күнү белгиленет

Жазылуу
Келе жаткан дүйшөмбүдө Кыргызстанда Манас күнү белгиленип, бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Келе жаткан дүйшөмбү, 4-декабрда, Кыргызстанда Манас күнү белгиленерин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Манас күнүнүн программасы 25-ноябрда бекитилди. Маданий иш-чараларга Улуттук филармония, Улуттук консерватория, облустук маданий мекемелер тартылат. Учурда Улуттук маданий борборунда даярдык көрүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" коньягы менен арагы. Бул ысым дагы эмнелерге колдонулат
Эске салсак, "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу максатында улуттук программа иштелип чыгып, 2011-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Ал эми бул күндүн 4-декабрга белгиленип калуу тарыхына токтолсок, 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0