2040-жылга чейинки улуттук стратегия адам капиталын өнүктүрүүгө багытталат

© Sputnik / Табылды КадырбековИтоги экономики года в Кыргызстане
Итоги экономики года в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин аппаратынын өкүлү документтин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиялык туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын негизги максаты адам капиталын өнүктүрүү болуп саналат. Бул тууралуу президенттик аппараттын финансы-экономикалык анализ жана мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Нурсулу Ахметова билдирди.

Анын айтымында, бул документ 2013-2017-жылдардын стратегиясын улантып жатат.

"Негизги максат — адам капиталын өнүктүрүү, адамдын өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүп берүү. Кыргыз жараны биздин эң баалуу капиталыбыз болуп эсептелет", — деди Ахметова.

Ал ошондой эле негизги үч багыт (экономикалык, социалдык өнүгүү жана коопсуздук) ушул максатты көздөй турганын айтып, документ кийинчерээк толук даяр боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0