Кыргызстанда бир айдан кийин тамеки кымбаттайт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДүкөндө тамеки сатуу. Архив
Дүкөндө тамеки сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт фильтири бар жана фильтирсиз тамекилердин чекене баасын аныктоо боюнча токтомго өзгөртүү киргизди

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 2018-жылдан тарта тамекинин баасы кымбаттай турганы өкмөттүн сайтында маалымдалды.

Продажа водки в магазинах Омска - Sputnik Кыргызстан
Коньяк, шарап жана сырага карата акциз кымбаттады. Баага таасир этеби?
Өкмөт фильтири бар жана фильтирсиз тамекилердин чекене баасын аныктоо боюнча токтомго өзгөртүү киргизди.

Ошентип 1-январдан 31-декабрга чейин 20 даана тамекинин баасы 50 сомду түзөт. Жакынкы үч жылда бул товарлар жылына он сомго кымбаттап турат.

2022-жылдын 1-январынан тарта эң арзан тамеки 90 сом болот. 

Бүгүнкү күнү бир куту тамеки орто эсеп менен 40 сомду түзөт.

Өкмөттүн токтому 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0