Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп "Ачык өкмөт" өнөктөштүгүнө кошулду

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке
Здание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
OGP демилгеси 2011-жылдын 20-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сегиз мамлекет башчы декларацияга кол коюп, өз улуттук иш-аракеттер планын сунуштанганда кабыл алынган.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп эл аралык "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү демилгесине (OGP) кошулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Microsoft компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт "Таза Коомду" ишке ашырууга "Майкрософт" сыяктуу компанияларды тартат
Маалыматка ылайык, аталган өнөктөштүк 74 мамлекетти жана 15 аймактык өкмөттү бириктирген эл аралык платформа болуп саналат.

OGP – бул ачыктыкты, жарандардын укугун жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү, коррупцияга каршы күрөштү жана башкарууну күчтөндүрүү үчүн жаңы технологияларды пайдаланууну камсыздоо боюнча өкмөттөрдүн милдеттенмесин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге.

"Биз "Ачык өкмөт" өнөктөштүгүнүн бир бөлүгү болгондугубузга абдан сыймыктанабыз. Биз үчүн Борбор Азиядагы аталган демилгеге кошулган алгачкы өлкө болгондугубуз кубанычтуу. Бул жолго кадам таштоодо бизге жүктөлгөн жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн түшүнөбүз", — деди премьер Сапар Исаков.

Ал ошондой эле Кыргызстандын өкмөтү ачык-айкындуулук гана туруктуу өнүктүрүүгө алып келерине ынанарын кошумчалады.

"Экономикадагы жетишкендиктер, инвестициялык абалды жакшыртуу, мындан ары карай демократиялык коомду түзүү жана биздин ишке карата жарандардын ишеними ачык-айкын, отчеттуу өкмөттүн түзүлүшүнөн түздөн-түз көз-каранды. Биз маалыматты жеткиликтүү кылууга, ачык маалыматтар саясатын ишке ашырылышын жана ачык мамлекеттик сатып алуулар процедурасын камсыздоого, ошондой эле сапаттуу жана ыкчам мамлекеттик тейлөө көрсөтүүгө умтулабыз", — деди өкмөт башчы.

Андан сырткары, OGP башкы директору Санджай Прадхан дагы Кыргызстан өз чөлкөмүндө бул демилгеге биринчи болуп кирип жатышы жакшы жышаан экенин билдирген.

"Кыргызстан Борбор Азиядагы OGP демилгесине кошулган алгачкы өлкө болгондугун кубануу менен жарыялайбыз. Бул өлкөнүн алга карай жасаган маанилүү кадамы, анткени ал ачык-айкындуулук аркылуу демократиялык процесстерди чыңдап, жарандардын өкмөткө болгон ишенимин арттырат. Биз Кыргызстанга аталган процессте колдоо көрсөтүүгө даярбыз жана дүйнөнүн жаңы бурчунда ачык өкмөттүн пайда болушуна кубанычтабыз", — деди Прадхан.

Сапар Исаков башында турган өкмөт жарандык коом менен биргеликте улуттук иш-аракеттер планын түзүү процессине киришет. Кеңири консультациялардан соң планды ишке ашыруу 2018-жылдын 31-августунда башталып, эки жылга созулат.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Исаков: дүйнөлүк экономикада өзүбүздүн ордубузду табышыбыз керек
OGP демилгеси 2011-жылдын 20-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сегиз мамлекет башчы декларацияга кол коюуп, өз улуттук иш-аракеттер планын сунуштанганда кабыл алынган.

Ошол мезгилден тартып OGP курамына 70тен ашуун улуттук өкмөттөрдү, жарандык коомдун көп тараптуу жети органын жана жүздөгөн уюмдарын камтыган аянтчага айланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0