Апта ичиндеги Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан окуучулар. Архив
Көчөдө бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жумада абанын температурасы төмөндөйт

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. 20-27-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында жамгыр, кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык өлкөдө 21-ноябрда жаан жаабайт. Ал эми апта ичинде абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын туман капташы мүмкүн. 22-25-ноябрда дагы жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми тоолуу жана бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.

Бишкек менен Ошто 21инен 23-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Шейшемби күнү кечкисин туман капташы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0