Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөнү тазалап жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкри. Архив
Көчөнү тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 5…10, Ош менен Жалал-Абадда 8…13, Баткенде 7…12, Ысык-Көлдө 0…5, Нарында —2…3 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы 7…9 градуска жетет. Ал эми Ошто күн ачык болуп 9…11 градус жылуу болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0