Дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Актан ТемиркановМост "Капитальная" в Таш-Кумыре
Мост Капитальная в Таш-Кумыре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү, 18-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Зима в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Быйыл кыш кандай болот. Синоптиктердин божомолу
Ал эми жекшемби күнү, 19-ноябрда, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап карга айланат. Тоолуу аймактарга кар түшөт.

Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында жамгыр жаайт. Ысык-Көлдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бишкек шаарында 18-19-ноябрда ала булут каптап, жаан-чачын болуу ыктымалдуулугу аз.

Ош шаарында да дем алыш күндөрү күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0