Жума күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө 6…11, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 8…13, Ысык-Көл менен Нарында 1…6 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 10…11 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0