ӨКМ: жер да, акча да алып кооптуу аймакта жашаган 2000ге чукул үй-бүлө бар

Жазылуу
Өлкө боюнча жер көчүү коркунучунда турган 929 участок аныкталган

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 1932 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жер көчүү коркунучунда турган 929 участок аныкталган. Жалал-Абад облусунда — 459, Ошто — 359, Баткенде — 84, Нарында — 21 жана Ысык-Көлдө 3 кооптуу участок бар.

"Мамлекеттен жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөй, кооптуу аймактарда жашап жаткан 1932 үй-бүлө бар. Анын ичинен жер көчкү түшүү коркунучу бар жерлерде 1746, сел, жээк эрозиясы, кыртыш суулары көтөрүлүү кооптуулугу күч аймактарда 150, таш кулоо жана башка өзгөчө кырдаал болуп кетүү коркунучу бар аймактарда 36 кожолук жашайт", — деп жазылат маалыматтта.

Министрлик жарандарды кооптуу аймактардан эртерээк көчүп кетүүсү керектигин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0