04:36 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Кайгуул милиция кызматкери. Архив

Кайгуул милициясы жоюлду. Жаңы башкармалыкта ким иштеп, эмне менен алектенет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Бакыт Толканов
673 0 0

Премьер-министр Сапар Исаков Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгын жойду. Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы кызмат эмне ишти аркалап, кандай өзгөчөлүктөргө ээ болорун иликтеп көрдү.

Өкмөт башчы Сапар Исаков 9-ноябрда эки токтомго кол койду. Биринчи документке ылайык Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык түзүлдү. Ал эми экинчи токтомдо жаңы түзүмдүн штаты кеңейе турганы айтылат. Жаңы кызмат тууралуу суроолорго Кайгуул милициясынын башкы башкармалык штабынын жетекчиси Уткир Умаров айтып берди.

Жаңы башкармалык түзүү зарылдыгы эмнеде?

Сурамжылоо

Кайгуул милиция башкармалыгын жоюп, жаңы кызматты түзүүгө кандай карайсыз?
  • Терс. Каражатты ыксыз коротуу деп ойлойм
    31.8% (27)
  • Колдойм. Өкмөт эмне кылып жатканын билет
    24.7% (21)
  • Билбейм. Инспекторлор жакшы деле иштеп кетпейт
    36.4% (31)
  • Мага баары бир
    7.1% (6)
Добуш бергендер: 85
Былтыр Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматтары бириктирилип, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы түзүлгөн. Басым 102 боюнча түшкөн билдирүүлөргө жасалып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселеси көз жаздымда калган.

Кандай өзгөрүү күтүлүп жатат?

Жаңы кызматтын максаты — жол кыймылына көз салуу, бул дээрлик Жол кайгуул кызматынын жанданышы деп түшүнүүгө болот. Мындан улам посттордун турган жерлери жана жол кырсыктары көбүрөөк катталган жерлерге карап экипаждын каттамы өзгөрөт.

102 чакырууларына ким жооп берет?

Бул милдет Кайгуул милициясына Жол күзөт кызматы боюнча келгендерге жүктөлөт. Алар ар кандай тартип бузууларга ыкчам аракет көрмөкчү.

Жаңы башкармалыкка кызматкерлер кандай тартип менен алынат?

Алгач Кайгуул милициясында иштеген кызматкерлерден куралат, бирок кийин конкурстук негизде гана алынат.

Жаңы кызматта иштегендердин айлыгы жогорулайбы?

Жок, маяна көлөмү мурункудай эле калат. Мында кызматкерлерди шыктандыруу максатында айып пулдун айрым бөлүгүн сый акыга жумшоо нормасы каралган.

Тема боюнча

Исаков Кайгуул милициясы эмнеге жоюлганын айтып берди
Кайгуул милициясы жоюлуп, ордуна жаңы кызмат түзүлдү
Белгилер:
жол кырсыгы, Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык, Сапар Исаков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ