Секелек кызды зордуктаганын видеого тартып... Октябрдагы 10 криминалдык окуя

© AFP / GREG BAKER Зордуктоо. Архив
Зордуктоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайненесинин үйүн өрттөгөн күйөө бала, ууруну көтөрүп чапкан эне жана 13 жаштагы кызды жыныстык катнашка мажбурлаган өспүрүмдөр. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги октябрь айындагы төбө чачты тик тургузган соттук он өкүмдү сунуштайт.

Жашабай жатып "жайрады"

Ок атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттин оксуз калган жансакчысы, бычакталган бөбөк. 90-жылдардагы кылмыштар
Үч өспүрүм 13 жаштагы кыздын уюлдук телефонун алып, аны сындырып салабыз деп коркутушкан. Андан соң кичинекей кызды арыктын жээгине ээрчитип барып, балдардын бири кызды жыныстык катнашка мажбурлаган. Анысы аз келгенсип эки досу окуяны камерага тартып алып, башкаларга мактанып жиберген. Кылмышы далилденген өспүрүм төрт жылдык өмүрүн темир тор артында өткөрмөй болду. Бирине тартса бирине жеткире албай үч баласын жалгыз бой баккан эненин ишенген уулу ушул болсо…

Бизнесмен аял

Сойкулар менен тыгыз иштешкен мейманкананын 37 жаштагы администратору кыздарга кардар таап берип жанын багып келген. Ал аял меймандар менен менен жеңил ойлуу кыздарды байланыштырып, ортомчу болгондугу үчүн 600 сомдон алып турчу. Эми мындай аракеттери үчүн ал 50 миң сом айып төлөмөр болду.

Жаңгак үчүн мушташкан эки кошуна

Колунда бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Согончогуман тиштеген аялды өлтүрүп салдым... Сентябрдагы үрөй учурган 9 окуя
Колу туткак жаш жигит кошунасынын эшигинин алдында өсүп жаткан жаңгагын урдап жаткан маалда үй ээси байкап калып, аны катуу урушуп салат. Ошол учурда баланын атасы келе калып уулуна болушат. Ошентип коңшулардын кайым айтышы мушташка айланып, алар милиция бөлүмүнө жеткирилет. Ал жакта дагы тынч отура албай жулкулдаша кетип, жаңгагын уурдаткан аял баласаак атаны түртүп жиберген. Жыгылып кетип эркек киши ийининен жаракат алган. Сот отурумунда кызыл чеке болуп араздашкандар маселени элдешүү менен чечүүнү эп көрүштү.

Чекеге тийген таш

Спирт ичимдигин ичип алган эркек кечинде сыра саткан жерге майрамын улантканы жөнөйт. Ал жакта мас болуп, капчыгында акча калбай калганда сатуучудан карызга куюп берүүсүн талап кылат. "Жок" деген жоопту уккан эргул сатуучу аялды сөгүп салат. Ошол учурда сатуучуга болушуп дагы бир эркек чыга калат да, эки мас мушташа кетишет. Жыйынтыгында орой кардар таш менен чекеге жеп, экинчисине 10 миң сом айып салынды.

Тынч ажыраша албагандар

31 жаштагы ашпозчу сүйүктүүсү менен ажырашкандан соң андан үйдө калып калган оокаттарын алып келип берүүсүн суранат. Өтүнүчүн аткаргандан кийин ал келиндин үйүнө тиги жигит түндө кирип барып, баласынын көзүнчө ага кол көтөрүп, үйдүн кулпусун, терезенин кашегин сындырып тынчыган. Эми ал жабырлануучуга 2020 сом, мамлекетке 10 сом айып төлөшү керек.

7 жаштагы балага арак ичирип…

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 25 жаштагы милиционер кантип өлтүрүлгөн. Окуянын чоо-жайы менен сүрөттөрү
Майрамдардын биринде жаш келин азык-түлүк алганы дүкөнгө жөнөйт. Кайра үйүнө келсе тааныш жигити анын жети жаштагы уулуна арак ичирип жаткан болот. Мунун айынын экөө урушуп кетип, келин тигини бычак менен сайып жиберет. Жабырлануучунун алган жарааты жеңил болуп аман калып, сот баланын апасына 5000 сом айып салды.

"Өтө маданияттуу" кылмышкерлер

Эки дос арак ичип отуруп арам жол менен акча табууну ойлонушат. Алар кемпирдин үйүнө ууруга кирип, аны таяк менен коркутуп уюлдук телефонун, 2800 сом акчасын жана колбасасын алып качышат. Кетип баратып колу туткактар үй ээсинин колун өөп кеткенге дагы жетишкен. Сот "өтө маданияттуу" кылмышкерлердин бирин 7, экинчисин 10 жылга эркинен ажыратты.

Шамдагай кайнене

Ичип алган адам бирөөнүн сарайынан эки даана суу түтүгүн уурдап кетүүгө аракет кылган. Бул учурда аны үйдөгү келин көрүп калып, кайненесине кабарлаган. Шамдагай эне шектүүнү ошол жерде көтөрүп чаап, жергиликтүү милицияга өткөрүп берген. Колго түшкөндө шылуун түтүктөрдүн ээси жок деп ойлогонун, уурулукка мастыгынан "байкабай" барып алганын айткан. Эми буга чейин соттолгон жаран дагы беш жарым жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Кайгылуу кайрымдуулук

Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башы: 11 жашар кызды үч жылдан бери зордуктап жүргөн делип 36 жаштагы киши кармалды
Эки эркек жана жашы өтүп калган аял арак ичип алып үйүнө кетип баратып, арыктын ичинде жаткан мас адамды көрүп калышат. Боору ооруган үчөө аны үйүнө алып келип жаткырат. Бирок конок жылуу төшөктө тынч жата албай сөгүнүп, үй ээсинин суранычын укпай коет. Чыдамы кеткен экөө аны сабап кайра көчөгө сүйрөп чыгарып салышат. Катуу таяк жеп, көчөдө жөргөлөп жүргөн адамга айдоочу жардам көрсөтүп өз үйүнө алып келген. Бирок ал Тез жардам кызматы келгенче эле алган жаракаттарынан улам көз жумат. Сот маркумга кол көтөргөндөрдүн бирин тогуз, экинчисин сегиз жылга түрмөгө камады.

Кайненесинин үйүн өрттөгөн күйөө бала

Аялы менен чогуу жашабай калган 26 жаштагы жаран чаламандын чак түшүндө кайненесиникине келип, үйүнө бензин чачып өрттөп кеткен. Сот маалында ал кечирим сурап, түрмөдөн чыкканда үйдү салып бере тургандыгын билдирген. Бул жоругу үчүн аны сот шарттуу үч жылга эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0