БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Ош облусунда үй куруу арзан түшөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдын январь-сентябрь айына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу берген отчетунда айтылат.
Аталган мөөнөт ичинде өлкө аймагында жалпы аянты 608,3 миң чарчы метр болгон 5,3 миң жеке турак жай курулган. Алардын наркы 9,5 миллиард сом деп бааланууда.
Ал эми турак жайдын бир чарчы метринин орточо баасы 13,8 миң сомду түзөт. Улуттук статистика комитетинин отчетунда Бишкекте курулган үйлөрдүн бир чарчы метри 24,8 миң сом, Ошто 7,6 миң жана Баткенде 8,3 миң сомду түзөрү айтылат.