Кыргызстанда автоунааны каттоо акысын үч эсе азайтуу сунушталууда

© AFP / PAUL CROCKАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайра каттоонун баасы жогору болгондуктан кыргызстандыктар ишеним кат менен гана сатып алууну каалашат. Бул өз кезегинде жол эрежесин бузгандарга айып салуунун таасирин азайтууда.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Юстиция министрлиги транспорт каражаттарын кайра каттоонун баасын үч эсе азайтууну сунуштап жатат.

Өкмөт жарандарга автоунааны ишеним кат менен эмес, өздөрүнө каттатуу пайдалуу экенин далилдеген иштерди аткарып жатат. Эки документтин ортосунда бир топ айырма бар. Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй жарандар транспорт каражаттарын алып-сатууда ишеним катты көп колдонот.

"Мындай аракеттер административдик айып салуунун таасирдүүлүгүн азайтууда. Ошол эле учурда жеке тараптар менен юридикалык жактарга финансылык жүктөмдү азайтуу үчүн автоунааны кайра каттоодо анын орточо баасынын бир пайызынан 0,3 пайызга чейин азайтуу сунушталууда", — деп документтин негиздемесинде айтылат.

Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0