Ноябрь майрамына карата кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү токтомго өкмөт башчы кол койду

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков дем алыш күндөрдү жылдыруу боюнча токтомго кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 28-октябрь дем алыш күнү 6-ноябрга которулду.

Мындай чечим дем алыш жана жумуш эмес күндөрдү ырааттуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

КР Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, Кыргызстанда 7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү майрам болгондуктан эс алуу күнү.

Ошентип 4-5-6-7-ноябрь күндөрү дем алыш болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0