Жума аягына чейин жаан жана кар жаайт. 30-октябрга чейин аба ырайы

Жазылуу
Анткен менен Бишкек жана Ош шаарларында жакынкы эки күндө күн бүркөлбөйт

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. ӨКМдин маалымат кызматы 28-октябрга чейинки аба ырайы тууралуу божомолду таратты.

24-октябрь түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаайт. Республиканын башка аймактарында ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жеткен шамал Ысык-Көлдө секундуна 14 метрге чейин жетет.

Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күн сууктап баратат... Ноябрь айына карата аба ырайы
25-26-октябрь күндөрү тоолуу жана тоого жакын аймактарда жаан-чачын болору күтүлүүдө.  Ал эми батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көлдүн жээгинде 15-20 метрге чейин жетет.

27 жана 28-октябрь түндөрү күн ачык болот.

28-октябрь күнү күндүз жер-жерлерде жаан жаап, тоолордо жамгыр карга айланат. Батыштан соккон желдин ылмалдыгы секундасына 4-9 метрге чейин барат.

29-30-октябрь күндөрү жаан, тоолордо кар жаайт. Бирок абанын температурасы өзгөрбөйт.

ӨКМдин маалыматына караганда, жакынкы эки күндө Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0