17:28 20 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7931
  • EUR98.5847
  • RUB1.1933
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
135110

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, анда 11 талапкер ат салышкан.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо добуш бергендердин тизмесин жарыялады.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, анда 11 талапкер ат салышкан. БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча биринчи орунда Сооронбай Жээнбеков, экинчи орунда Өмүрбек Бабанов келе жатат.

"Кыргызстандын "КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 37-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Боршайком КР президентин шайлоого катышкандардын тизмесин расмий сайтка жайгаштырды", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, конституциялык мыйзамдын 35-беренесиндеги 23-пунктуна ылайык, шайлоочулардын мөөр менен күбөлөндүргөн тизмеси (же анын көчүрмөсү) участкалык шайлоо комиссияларынын имаратынын кире беришиндеги такталарга илинген.

Сурамжылоо

БШК шайлоого катышкан жарандардын тизмесин жарыялаганына кандай көз караштасыз?
  • Жакшы. Бул шайлоонун ачык-айкындыгын камсыздайт
    42.7% (56)
  • Каршы эмесмин. Жашыра турган эч нерсе жок
    15.3% (20)
  • Каршымын. Бул маалымат ачыкка чыкпашы керек болчу
    22.1% (29)
  • Күмөн санап жатам. Мунун эмне зарылдыгы бар эле
    10.7% (14)
  • Мен добуш берген жокмун. Мага баары бир
    9.2% (12)
Добуш бергендер: 1
Эске салсак, президенттик шайлоо учурунда жалпысынан 54 аймактык шайлоо комиссиясы ачылган. Учурда алардын 46сынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду кабыл алынды.

БШК Бишкек шаардык, Ош шаардык, Түп, Кадамжай, Кара-Суу, Ноокат, Сокулук жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду алууну улантууда.

Ошондой эле шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүүгө байланышкан иш-чаралардын календардык планына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүү жөнүндө протоколдору 2017-жылдын 3-ноябрына чейин (добуш берүү күнүнөн 19 календардык күндөн кечиктирбестен) БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат.

Боршайком 18-октябрдан баштап аймактык шайлоо комиссияларынан тиешелүү аймактардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну баштаган.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)

Тема боюнча

Айлык акы, той, мектеп... Талапкерлердин короткон акчасына эмнелер келмек
Төрт тилкеде президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды
Белгилер:
Борбордук шайлоо комиссиясы, президенттик шайлоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ