06:22 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
99 0 0

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы 36 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну аяктады. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шайлоо учурунда жалпысынан 54 аймактык шайлоо комиссиясы уюштурулган.

"18-октябрдан тарта аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду алуу башталган. Бишкек, Ош шаарында, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында райондук жана шаардык деңгээлде 54 аймактык шайлоо комиссиялары уюштурулган", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо өтүп, 11 талапкер ат салышкан.

БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков биринчи, Өмүрбек Бабанов экинчи орунда келе жатат.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)

Тема боюнча

Бабанов анын президент болбой калышына кейип ыйлаган бөбөк менен жолукту
Төрт тилкеде президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды
Өмүркулов: чет элдик байкоочулар шайлоо таза өткөнүн белгиледи
КТРК шайлоо учурунда дээрлик 47,5 миллион сом тапкан
Белгилер:
Борбордук шайлоо комиссиясы, президенттик шайлоо, протокол

ЭҢ МААНИЛҮҮ