Кыргызстанда быйыл ич кийим аз тигилди

© Sputnik / Табылды КадырбековРазвитие легкой промышленности в КР
Развитие легкой промышленности в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитет өлкөнүн тогуз ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа берди

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ич кийим менен колготкини чыгаруу көлөмү төмөндөп кетти. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2017-жылдын январь-сентябрь айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча отчетунда айтылат.

Тигүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жумада 17 кардар жоготтук! Чек ара көйгөйү КР тигүүчүлөрүн сызга отургузууда
Аталган убакыт аралыгында 6 миллиондон ашык колготки чыгарылган. Бул өткөн жылдын январь-сентябрь айына салыштырмалуу 700 миңге аз.

Ошондой эле ич кийим дагы былтыркыга салыштырмалуу 362 миңге аз тигилген. Башкача айтканда быйыл тогуз айдын ичинде 5 миллион 965,9 миң ич кийим чыгарылган.

Анткен менен шейшеп жана кийимдерди чыгаруу көлөмү көбөйгөн (203,6 миң даана).

Жаңылыктар түрмөгү
0