Даамы таңдайдан кетпейт!.. Кыргызстандын мыкты 7 ашпозчусу

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессиональный шеф-повар Виктор Цой
Профессиональный шеф-повар Виктор Цой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын 20-октябрда 70тен ашуун өлкөнүн кулинарлары Эл аралык ашпозчу күнүн белгилешет. Бул күндүн мындай кеңири белгилениши капысынан эмес. Мүчөлөрү 8 миллиондон ашкан Ашпозчулардын дүйнөлүк биримдигин негиздегендер – ар кыл өлкөнүн тамак-аш адистери.

Седьмая годовщина Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жашоосун өзгөрткөн жети ишкер. Өлкө силер менен сыймыктанат!
Европада шеф-ашпозчулар аткаминерлердин макамында, ал эми баасы алтынга тете. Биздин өлкөдө шеф-ашпозчулардын маянасы айына жети миң долларга жетиши мүмкүн.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстандын редакциясы кулинардык сынчы Данияр Деркембаев жана Кыргызстан ашпозчулар биримдигинин түптөөчүлөрүнүн бири Регина Сманова менен биргеликте өлкөнүн эң мыкты ашкана чеберлерин белгилеп чыкты. Сиздердин назарыңыздарга КМШ өлкөлөрүнүн биринчи адамдары аш табитине ылайык келген шеф-ашпозчулардын тизмегин сунуштайбыз.

Эмил Жангиров

Эмил энесинин кеңеши менен кичинесинде эле ашпозчу болуу чечимин кабыл алат. ВУОПту ашпозчу-технолог адистиги боюнча бүтүрүп, Бишкекте бир аз иштейт. Андан соң ал ашпозчулук чеберчилигин арттыруу үчүн Малайзия, БАЭ жана Түркияга бет алат, кийин биротоло Россияга жайгашууну чечип, Новосибирск шаарында туруп калат. Эмил аталган калаанын белгилүү ресторанында шеф-ашпозчулукту аркалайт. Көп өтпөй Сибирдин беш жолку чемпиону, Кремль кубогунун күмүш байгесинин ээси жана ар кыл багыттагы "Shef a la ruse" сынагынын алтын байгесинин ээсине айланат. 2014-жылы Люксембургда өткөн Кулинария боюнча дүйнө чемпионатында ээлеген экинчи орунду өзүнүн эң башкы жетишкендиги катары эсептейт. Чехияда жеке ресторанын ачууну пландаган, бирок виза ала албагандыктан, Кыргызстанга кайтып, Бишкектин эң ири ресторандык чынжырынын бренд шеф-ашпозчусу болуп чыга келди. Белгилүү инсандардан үч ирет Владимир Путинге тамак даярдаган. Анын иш тизмесинде Россиянын, Европанын бир катар өлкөлөрүнүн жана КЭРдин жогорку өкүлдөрү бар.

Виктор Цой

© Sputnik / Табылды КадырбековКесипкөй шеф-ашпозчу Виктор Цой
Профессиональный шеф-повар Виктор Цой - Sputnik Кыргызстан
Кесипкөй шеф-ашпозчу Виктор Цой
21 жашында шеф-ашпозчу болгон Кыргызстандагы жалгыз тамак-аш чебери. Алгачкы кадамдар оңой болгон эмес. Кафеде жашап, эки мөөнөткө иштеп, ашканада маңдай терин агызган. Жети жыл өткөндөн кийин таланттуу жигиттин мээнетинин акыбети ашыгы менен кайткан. Бир дагы кулинардык өнөр мектебинде билим алган эмес, баарын өз алдынча үйрөнгөн. Бирок ага карабастан, Виктор француз, италия, казак ашпозчулар академиясынын ардактуу мүчөсү жана Кыргызстан ашпозчулар биримдигинин төрагасы. Ага борбор калаанын мыкты ресторандарынын менюларын түзүүнү табышташат. Ошондой эле белгилүү ашкана чебери жети жыл бою КМШ өлкөлөрүнүн жогорку өкүлдөрүнө, Кыргызстандагы элчилер жана аткаминерлерине тамак даярдап жүрөт. Өзүнүн айтымында, Владимир Путин сыйдан кийин жанына келип, баары мыкты болгонун айткан.

Дарий Кожухов

Дарий ресторан-мейманкана бизнесине өспүрүм курагында, 16 жашынан тарта аралашкан. Адегенде официанттын жардамчысы болуп, идиш кургатып, цехтерге таратуу милдетин аткарган. Бир аз убакыт өткөн соң Дарийди ресторандын теңата шефи байкап, жаш баланын дараметин жана өсүүгө болгон каалоосун көрүп, кондитердин жардамчылыгына дайындайт. Кийинчерээк Дарий Москвада белгилүү кондитер Александр Кислицынден атайын билим алган. Дарийдин эсебинде ар кыл багытта бир канча медаль бар, 2013-жылдын мыкты ашпозчусу жана мыкты шеф-кондитер наамдарынын ээси. Путин, Медведев, Назарбаев, Каримов жана Рахмоновго тамак даярдаган. Бүгүн Дарий Миландагы Кондитерлердин эл аралык сынагынын "шоколад композициясы" багытында күчүн сыноодо.

Олег Кувшинов

© Фото / предоставлено Олегом КувшиновымКыргызстандын жападан жалгыз шоколадчы Олег Кувшинов
Молодые предприниматели Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жападан жалгыз шоколадчы Олег Кувшинов
Мектепти аяктаган соң Олег кулинардык техникумга тапшырып, окуу менен катар ата-энесинин ишине ашпозчунун үйрөнчүгү катары кирген. 2013-жылы кулинардык өнөрдүн болочок чебери кесибин өркүндөтүү үчүн Германияга жол алат. Быйыл Кыргызстандын ашпозчулар биримдигинин мүчөсү катары Алматыда өткөн кулинардык фестивалда "паста багыты боюнча коло медаль, "кой этинен жасалган тамактар" багыты боюнча күмүш медаль, "Кара жашик" гран-при багыты боюнча алтын медаль, "Мыкты паста" С3 багытында жана KZI1 "жылдын мыкты ашпозчусу" номинациясы боюнча дипломдор.

Азыркы тапта Олег – Кыргызстандагы шоколад ишиндеги бирден бир лидер, колго жасалчу бельгиялык шоколад өндүрүүчү цехтин ээси. Мындан тышкары, шаардыктардын сүймөнчүгүнө айланган төрт белгилүү жайдын бренд шеф-ашпозчусу болуп саналат.

Шухрат Шарипов

© Фото / предоставлено Шухратом ШариповымКР ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шарипов
Председатель Ассоциации поваров КР Шухрат Шарипов - Sputnik Кыргызстан
КР ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шарипов
Шухраттын иш жолу өзгөчө көңүл бурууга татыйт. Ал – КР ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы, Казакстан, Сербия, Пакистан, атургай Сауд Аравиясынын да шеф-ашпозчуларынын биримдиктеринин ардактуу мүчөсү. Качандыр бир кез Шухрат Азербайжан жана Түркиядагы эл аралык тамак-аш фестивалдарында калыстык кылган. Эки жыл Түштүк Кореяда иштеген. 90-жылдардын ортосунда италиялык атактуу шеф-ашпозчулар менен бирге иштешип, анык италиялык тамактарды жасоону өздөштүргөн.

Атайын билим ээси болуу зарыл деп эсептейт, анткени, теориялык пайдубалдын негизинде кийинки карьералык жол курулат. Ресторандык бизнестен 20 жылдык тажрыйбадан кийин четтесем дейт, бирок ардактуу эс алууга эмес… Шухрат ушул чакта кулинардык өнөрдүн болочок мыктыларын өз мектебинде окутуп, аны менен катар жергиликтүү лицейде да сабак берүүдө.

Равил Тенишев

© Sputnik / Жасмин Малашева Кадыр-барктуу кухмистер Равиль Тенишев
Авторитетный кухмистер Равиль Тенишев - Sputnik Кыргызстан
Кадыр-барктуу кухмистер Равиль Тенишев
Равилди көрсөңүз, спортчуга түспөлдөш жаш жигиттин кадыр-барктуу ашкана чебери экендиги оюңузга да келбейт. 28 жаштагы жигит 10дон ашуун жайда бренд шеф болуп иштөөгө жана автордук ашканасы менен белгилүү болгон менчик ресторанын ачууга үлгүргөн. Жума сайын Казакстанга каттап, тандап азык ташыган, эң жогорку сапаттагы азык-түлүк алуудан аянбаган, өлкөдөгү сапатка басым жасаган саналуу кулинарлардын бири. Ашпозчу болуу чечимин ал бала кезинде кабыл алган. Кулинардык техникумдагы теориянын ордуна Равил кафе жана ресторандарынын ашканаларындагы иш тажрыйбаны ылайык көрдү. 300 кишилик банкеттерге караганда бул шеф жеке кардарларды тейлөөнү жактырат, себеби, ар бир тамакты бүт дитин кое жасайт. Кардарларын кичи ашкана, укмуштуу азык-түлүктөр жана кымбат баалуу шараптар менен тааныштырууну жакшы көрөт. КМШ өлкөлөрүнүн президенттери, саясатчы, элчи жана бизнесмендерине тамак жасайт. Өлкөнүн ушул таптагы биринчи айымы Раиса Атамбаева да Кыргызстандын башка белгилүү инсандары сымал эле Равилдин ресторанынын дайымкы кардары. Келечекте Европага сапар алып, дүйнөнүн беделдүү ресторандарынын биринде өз жылдызын тагынып кайтууга аттанмакчы.

Разия Ахматова

© Фото / предоставлено Разией АхматовойШеф-ашпозчу Разия Ахматова (ортодо)
Шеф-повар Разия Ахматова (в центре) - Sputnik Кыргызстан
Шеф-ашпозчу Разия Ахматова (ортодо)
Разия биздин тизмедеги жападан жалгыз кыз, анан да эң жапжашы, болгону 25те. Жаштыгына карабай кулинардык сынчылар ал келечегинен көптү үмүттөндүрөрүн белгилешет. Разиянын ишмердиги мектептен кийинки маалда багбан болуп акча тапкан жергиликтүү отелде 15 жашында башталган. Дарий Кожухов өңдүү өспүрүм кыздын жөндөмүн байкагандар ашканага ишке алышкан. Ал улам бир багытка өтүп, бир туруп ысык тамак, бир туруп муздак азык менен алектенип отурат. Көп өтпөй ири ресторандык комплекстин башкаруучусуна чейин көтөрүлгөн. Болочок шеф-кондитер өз ишин ачууну көксөгөнүн түшүнүп, иштен кеткен. Азыр Разия белгилүү кондитердик студиянын ээси, ошондой эле ресторан ишин баштоо долбоорлорун жана теледе тамак-аш жасоо берүүсүн алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0