Окуучулар күзгү каникулга качан чыгары белгилүү болду

Жазылуу
Октябрдын аягында биринчи чейрек аяктайт

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Быйыл окуучулар 1-ноябрдан 8-ноябрга чейин күзгү каникулга чыга турганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуучулардын эс алуусу 2017-2018-жылдарга карата түзүлгөн окуу-базистик программасында каралган. Бул Кыргызстандын аймагындагы бардык мектептерге тиешелүү.

Чыкынова экинчи чейрек 9-ноябрдан тарта башталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0