Кыргызстандын жашоосун өзгөрткөн жети ишкер. Өлкө силер менен сыймыктанат!

© Sputnik / Табылды КадырбековСедьмая годовщина Апрельской революции 2010 года в Бишкеке
Седьмая годовщина Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Булардын ар бири кыргызстандыктардын турмушун каныктырган, жакшырткан, кызыгын арттырган!

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кечээ, 16-октябрда, дүйнө жүзү Жетекчилердин эл аралык күнүн белгиледи. Мындан улам Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Асел Абдашинова Кыргызстанды өзгөрткөн жети ишкер туурасында жазды. 

© Фото / Александр ФедоровПрезидент ассоциации "Дордой" Аскар Салымбеков
Президент ассоциации Дордой Аскар Салымбеков - Sputnik Кыргызстан
Президент ассоциации "Дордой" Аскар Салымбеков

1. Аскар Салымбеков — Борбордук Азиядагы эң ири "Дордой" соода-базар комплексинин негиздөөчүсү. 1991-жылы өз командасы менен Одессадагы "Привоз" сымал базар курууну чечкен.

"Дордой" башта 2-3 гектар аянтты ээлечү, бүгүнкү күндө кулачы 50 эсе көп аянтка жайылган. Базар өлкөнүн өнүгүшүнө өз салык жана социалдык төлөмдөрү менен олуттуу салым кошуп келет, ошондой эле 200 миң жумушчу ордун түзгөн. Аны менен бирге эле Аскар Салымбеков "Дордой" ассоциациясынын президенти болуп саналат. Негизги ишмердиктеринен сырткары, бул уюм балдар үйлөрүн, жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башкаларга кам көрүп кайрымдуулук менен алектенет. 

© Sputnik / Актан ТемиркановТабылды Эгембердиев
Табылды Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан
Табылды Эгембердиев

2. Табылды Эгембердиев — улуттук суусундук жана арашан сууларын өндүргөн ири "Шоро" компаниясынын түптөөчүсү. 1992-жылы Табылды Бердигулович үй-бүлөсү менен бирге өз энесинин ыкмасы менен улуттук суусундуктарды жана арашан сууларын өндүргөн ишкана ачат. Негиздөөчүсү арабыздан узаганынан бери эки жыл өттү, ал эми ал баштап кеткен ишкана ишин улантууда.

Эгембердиев өлкөдө туризмди өнүктүрүү менен да кызуу алектенген, 2009-жылы "Супара", кийин "Супара-Чуңкурчак" комплекстерин курган. Бул эс алуучу жайларга табияттын койнунда улуттук колорит менен ырахаттануу үчүн көп туристтер келет. 

© Фото / Ассоциация "Замандаш"Предприниматель, первый председатель политической партии "Замандаш" Мухтарбек Омуракунов
Предприниматель, первый председатель политической партии Замандаш Мухтарбек Омуракунов - Sputnik Кыргызстан
Предприниматель, первый председатель политической партии "Замандаш" Мухтарбек Омуракунов

3. Мухтарбек Өмүракунов — "Биек-Карго" кыргыз-россиялык ишканасынын башкы директору, саясатчы, "Замандаш" саясый партиясынын алгачкы төрагасы болгон. 2001-жылы ишкер "Биек-Карго" логистикалык ишканасынын башкы директорлугун аркалайт. Маркум ишкер түптөгөн ал ишкана Казакстан жана Россиянын бир канча шаарларына тек гана кыргыз өндүрүшүндөгү текстилдик өндүрүмдөрдү жөнөтүп турган. 

4. Эмил Үмөталиев — "Kyrgyz Concept" ишканасынын түзүүчүсү. 27 жыл мурун Үмөталиев азыркы тапта Кыргызстандагы эң мыкты туркомпаниялардын бирине айланган компанияны ачкан. "Kyrgyz Concept" кызматкерлери биринчилерден болуп студент жана окуучуларды чет өлкөгө окуу саякаттарына жибере баштаган. Ишкана Нарын облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар жана эркектер коомдук бирикмесине көмөктөшүп кайрымдуулук менен да алек.

Табылды Эгембердиев в фотографиях: планов много, но боюсь не успеть - Sputnik Кыргызстан
Эгембердиевсиз эки жыл. Архивдик сүрөттөр
5. Александр Дудин — "ЭлКат" ишканасынын биринчи башкы директору. Компания 1994-жылы түзүлгөн. Интернет али бөтөн болуп турган маалда ал ишкана кардарларына электрондук почтадан пайдаланууга жардам берген: кызматкерлери кат-кабарды дискеталарга жаздырып алып, даректерине жиберип турган. Кийинчерээк компания IP технологиясы аркылуу интернетке чыгууга шарт жараткан. Жыйырма жыл мурун "элкатчылар" радио обосу аркылуу маалымат таратууга каналдарды сунуштап турган алгачкы карлыгач болушкан. Мындай кызматынан пайдаланган алардын эң биринчи кардары "Манас" эл аралык аэропорту эле.

6. Марат Тазабеков — АКИpress агенттигинин түптөөчүсү. Аталган маалымат агенттиги жалпыга маалымдоо каражаттары рыногунда 17 жылдан бери иш алпарат. Ал кезде "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттиги иштеп турган. Бирок кыска убакыт аралыгында эле АКИpress маалымат агенттиги каталог, сурап-билүү китепчелери жана гезит чыгаруу менен окурман топтой алган. Көп өтпөй агенттиктин кызматкерлери жаңы деңгээлге — интернетке чыгышкан. Бүгүнкү күндө АКИpress — Кыргызстандын маалымат айдыңында айныгыс лидерлердин бири.

7. Жеңишбек Назаралиев — медицина илимдеринин доктору, профессор, Доктор Назаралиевдин медициналык борборунун президенти. Жеңишбек Болсунбековичтин бардык наамдарын саноого сап жетпейт, андыктан, негизгилерин белгиледик. Өз ишмердигин ал психоневрологиялык диспансерде 1985-жылы баштаган. Андан алты жыл өтүп-өтпөй мамлекеттик адистештирилген наркологиялык стационарды уюштурууга үлгүргөн (кийин ал жетекчисинин атынан аталып, Доктор Назаралиевдин медициналык борборуна айланган).

Жогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу Жылдыз Жолдошбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбаева: аялдардын көбү айтпайт, бирок жалгыз бой эне болуу кыйын
Бул борбордо дарылоонун автордук ыкмалары колдонулат, алардын айырмачылыктары он патент менен тастыкталып, Американын улуттук ден соолук институту жана Россиянын медицина илимдеринин академиясы тарабынан таанылган.

2001-жылы профессор Назаралиев "Баңгизаттан тыш аң-сезим дүйнөлүк лигасы" аталган эл аралык бейөкмөт уюмун жеке демилгеси менен уюштура алган. Аны БУУнун мурдагы башкы катчысы Кофи Аннан да, буддистердин жол башчысы Далай-лама XIV, актер жана саясатчы Арнольд Шварценеггер жана башка белгилүү ишмерлер колдоого алып кубаттаган. Ушул чакта доктор Назаралиев баңгизаттан көз каранды болгон адамдарды дарылоонун автордук өзгөчө ыкмасы менен дүйнөгө таанымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0