Кыргызстандын кайсы аймагы кимге канча добуш берди. Акыркы маалымат

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өлкөнүн ар аймагынын тургундары кимге кандай добуш бергени Борбордук шайлоо комиссиясынын отчетунда айтылат. Жарышта Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Саат 21.45ке карата ага шайлоочулардын 54,77 пайызы добуш берсе, экинчи орундагы Өмүрбек Бабановго 33,78 пайыз, ал эми үчүнчүгө чыккан Адахан Мадумаров 6,48 пайыз добушка ээ болду.

Президенттикке талапкет Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков алдыда. Шайлоонун жаңыланган жыйынтыгы белгилүү болду
БШКнын маалыматы боюнча шайлоочулар эң көп келген аймак болуп Ош калаасы эсептелди. Шаардыктардын 73,69 пайызы добушун Сооронбай Жээнбеков үчүн берген. Экинчи орунду шайлоочулардын 18,67 пайыз добушун алган Өмүрбек Бабанов алды. Үчүнчүдө Адахан Мадумаров турат (6,44)

Региондордун активдүүлүгү боюнча экинчи сапка Талас облусу чыкты. Жарандардын билдирген пикири боюнча Өмүрбек Бабанов президент болушу керек. Ага шайлоочулардын 85,63 пайызы добуш берген. Экинчи орунда 12,7 пайыз добуш менен Сооронбай Жээнбеков турат. Үчүнчү орунга Темир Сариев чыккан (0,67).

Бишкектиктердин көбү добушун Жээнбековго беришти (48,29 пайыз). Экинчи орунда Бабанов (36,1 пайыз) турат. Үчүнчү сапта Сариев (5,39).

Нарын облусунун жашоочуларынын көбү Сооронбай Жээнбековго добуш беришкен (55,84). Экинчи орунга 36,96 пайыз добуш менен Бабанов чыккан. Үчүнчү сапты Темир Сариев ээледи (4,97).

2017-жылдагы президенттик шайлоодогу добуш берүүлөрдүналдын ала жыйынтыктары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары. Электрондук урна санаган добуштар
Ысык-Көлдө алдыга Жээнбеков чыккан (50,82 пайыз). Экинчиде 42,07 пайыз добуш менен Бабанов, үчүнчүдө Сариев турат (4,12).

Ош облусунда лидер болуп Жээнбеков таанылды (71,8 пайыз). "Күмүш" Бабановго берилди — 18,43 пайыз добуш. Үчүнчүдө 8,62 пайыз добуш менен Адахан Мадумаров турат.

Баткен облусунда шайлоочулардын 57,49 пайызы дубушун Жээнбековго берген. Бабановго элдин 20,04 пайызы добуш берди. Үчүнчүгө 17,78 пайыз менен Мадумаров чыкты.

Чүй облусунда Өмүрбек Бабанов жеңүүчү болду. Жашоочулардын 50,48 пайызы дал ушул талапкерге добуш берген. Экинчиде 37,93 пайыз добуш менен Жээнбеков турат, ал эми үчүнчү орунду Сариев ээлеген (6,32).

Эң ыкшоо облус болуп Жалал-Абад таанылды. Жээнбеков үчүн шайлоочулардын 59,33 пайызы добуш берген. Экинчи орун 28,26 пайыз менен Бабановдо, үчүнчүнү 10,64 пайыз добуш менен Мадумаров ээледи.

Электрондук урналардан жаңыланып турган маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын интерактивдүү инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0