Кыргызстанда президенттик шайлоо башталды

© REUTERS / Vladimir PirogovПодготовка к президентским выборам КР в поселке Кызыл-Бирлик
Подготовка к президентским выборам КР в поселке Кызыл-Бирлик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча 2 375 шайлоо участкалары босогосун ачты

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бүгүн, 15-октябрь саат 08.00дөн тарта Кыргызстанда президенттик шайлоо башталды.

Өлкө боюнча 2 375 шайлоо участкалары босогосун ачты. Анын 234ү Бишкекте жайгашкан.

Подготовка к президентским выборам КР в селе Арашан - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоочуларын жибербейт
Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы 3 миллион 25 миң 768 адам добуш бере тургандагын кабарлаган. Шайлоо учурунда техникалык колдоо көрсөтүүчү 500 адис иштейт, ал эми шайлоо участкаларындагы ишке кошумча 200 кызматкер тартылат. Муну менен бирге жеринде талаш маселелерди чече турган ыкчам аракетке келүүчү топ иш алып барат.

Бүгүн 9384 милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөйт. Дагы кошумча 180 кызматкер резервде турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0