08:33 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
14310

15-октябрь күнү эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин кыргызстандыктар өлкө президенттигине талапкерлерге добуш берет

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында шайлоонун алдындагы "жымжырттык күнү". Добуш берүүнүн алдындагы 24 сааттын ичинде талапкерлердин милдеттери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев түшүндүрүп берди.

"Мыйзамга ылайык, бүгүн бардык үгүт иштери токтотулат. Бир дагы талапкер же анын расмий өкүлдөрү ал тууралуу мактоо-жактоо сөздөрүн ЖМКлар аркылуу дагы, эл чогулган жерде дагы айта албайт. Шартты бузган талапкер же анын өкүлү КРдин Административдик жоопкерчилик боюнча кодексинин 52 жана 54-беренелеринде жазылгандай 1000-2000 сом айып төлөйт", — деди Осмоналиев.

Деген менен соцтармактардын "оозун" жабуу мүмкүн эмес. Анткени Кыргызстандын аймагында каттоодон өтпөгөндөн кийин алардын кайсы бир ишин жоопко тартууга мыйзамдын күчү жетпейт.

Көчөлөрдө жана коомдук жайларда мурда илинип калган көрнөк-жарнактар өз ордунда кала берет.

"Жымжырттык күнүнүн" шарттарын Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыз>>

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)

Тема боюнча

Өкмөт: Кыргызстан президенттик шайлоого даяр
Казакстан Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоочуларын жибербейт
Белгилер:
жымжырттык режими, шарт, талапкер, шайлоо, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ