Геологиялык иштердин начардыгынан быйыл көмүр жетпей калышы мүмкүн

Жазылуу
Быйыл көмүр жетишсиздиги жаралып, 2017-жылдын башында Нарын облусунда түзүлгөндөй абал жаралышы ыктымал

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бул жылы "Кыргызкөмүр" ишканасы тиешелүү иштерди аткарбагандыгы үчүн көмүр жетишсиздиги болушу мүмкүн экендигин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ведомстводон айтылгандай, бир аз мурда ЖМКлар "Кыргызкөмүр" ишканасынын директору Мырза Жаманбаев саясий себептерден улам иштен алынганын жазган.

Бирок комитет бул маалыматтар чындыкка дал келбээрин кабарлады.

"Жаманбаев кыш мезгилине даярдануу иштери тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгү үчүн кызматынан четтетилди. Көмүрдүн үстүндөгү кыртышты алуу боюнча быйыл өткөн жылга салыштырмалуу артта калуулар көп болду. Мисалы, 2016-жылдын алты айында 615,1 миң кубометр кыртыш алынса, быйыл бул көрсөткүч 398,2 миң кубометрге гана жетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, мындан улам көмүр жетишсиздиги жаралып, 2017-жылдын башында Нарын облусунда түзүлгөндөй абал жаралышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0