Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. Жекшембиде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 1…3 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Республика аймагында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы Таласта 9…14, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткенде 12…17, Ысык-Көл, Нарында 10…15 градус жылыйт.

Ал эми Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп, 14…16 градус жылуу болот.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып, үстү жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн кооптуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0