Бүгүн Кыргызстанда эл аралык жер форуму аяктайт

Жазылуу
Форумга Италия, Индия, Пакистан, Монголия, Эфиопия, Индонезия, Бангладеш, Камбоджа, Филиппин, Непал жана Казакстандан 100дөн ашуун делегаттар келишти.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда эл аралык жер форуму аяктайт. Бул тууралуу Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынан билдиришти.

Восхитительно! Побывавший в 50 странах турист снял ролик о Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Укмуш! Дүйнө кезген таиланддык турист Кыргызстан тууралуу ролик тартты
12-15-сентябрь күндөрү болгон бул форум "Адамга багытталган жер ресурстарын башкаруу: жергиликтүү элдин жашоосун жакшыртуу үчүн жерлерди пайдалануудагы укуктарын камсыз кылуу" деп аталды.

Форумда айылдык жамааттардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн айыл-чарба жана токой жерлерин башкарууну жакшыртуу жолдорун издөөгө багытталган дискуссиялар болду.

Андан соң делегаттар Ысык-Көлгө барып, Күнгөй Ала-Тоодогу токойлорду көрүп, аларды туура пайдалануу практикасы менен таанышты.

Форумга Италия, Индия, Пакистан, Монголия, Эфиопия, Индонезия, Бангладеш, Камбоджа, Филиппин, Непал жана Казакстандан 100дөн ашуун делегаттар келишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0