Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү тоолуу райондордо жаан жаап, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 27 градуска чейин көтөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 24…29, Ысык-Көл, Нарында 20…25 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0