Бул аптада аба ырайы кандай болот

Жазылуу
Ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал жүрөт

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. 13-сентябрдан 17-сентябрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда гана жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бул аптада ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал жүрөт.

"Бүгүн күн салкын болуп жатат. Бирок кабатыр болууга негиз жок. Анткени эртеңден тарта күн жылый баштайт. Мындай аба ырайы апта соңуна чейин созулат. Ал эми 18-19-сентябрь күндөрү жаан жаайт", — деп жазылат маалыматта.

Апта ичинде Чүй менен Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 7, күндүз 28 градус жылуу болот.

Жалал-Абад, Ош жана Баткенде түнкүсүн 13, күндүз 28 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн 10, күндүз 24 градус, Нарын облусунда күндүз 9, түнкүсүн 24 градус жылуу болот.

Ал эми Борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0