ӨКМ: быйыл 8 айда үч жүздөн ашык объект табигый кырсыктардан корголду

Жазылуу
Алдын алуу жана оңдоо иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлгөн

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Сегиз ай ичинде 324 объект оңдолуп, 16 миңден ашык турак жай менен короолор табият кырсыктарынан корголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары, сел кесепетинин алдын алуу үчүн 17 миңден ашык айдоо жерлери менен социалдык курулуштар тосулган.

"Калктуу конуштарды жана маанилүү объектилерди коргоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын оңдоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүп келет", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин билдиришинче оңдоо, калыбына келтирүү жана курулуш иштери Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Чүй жана Нарын облустарында жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0