Мамлекет элге канча карыз? Айлыгын ала электер аныкталды

Жазылуу
Өлкө боюнча жумушчулардын маянасына боюнча карыздын суммасы 283,7 миллион сомго жеткен

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдын январь-июль айларына карата социалдык-экономикалык абал боюнча даярдаган баяндамсында мамлекеттин кайсы облус элине маяна боюнча карыз экени айтылган.

Ага ылайык, 2017-жылдын 1-июлуна карата өлкө боюнча айлык акыга берилчү карыздын суммасы 283,7 миллион сомго жеткен.

Элге эмгек акы кечигип төлөнгөн ишкана жана уюмдардын басымдуу бөлүгү Чүй (113,4 миллион сом) жана Ысык-Көл (51,4 миллион сом) облусунда экени айтылат.

Бул жаатта эң азчылыкты түзгөн Ош шаары жана облусу (7 миллион сом) болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0