Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, 33 градуска чейин көтөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 26…31 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 28…33 градус, Ысык-Көл, Нарында болсо 21…26 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0