Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 23…28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 27…32 градус, Ысык-Көл менен Нарында 20…25 градус жылуу болот.

Бишкек шаары менен Ошто күн ачык болуп, абанын температурасы 30 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0