Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 20-августта күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогул суу сактагычы алты жылдан бери биринчи жолу 100 пайызга толду
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда 26…31 градус ысык болсо, Таласта күндүн табы 24…29 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында 27…32 градус ысык болору айтылды. Ысык-Көлдө 18…23, ал эми Нарында 19…24 градус жылуу болору күтүлүп жатат.

Бишкекте ысыктын күчү 27…29, Ош шаарында 28…30 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0