Жыл башынан бери 12 ооруканадан 44,5 млн. сомдук мыйзам бузуу катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековОорукана кызматкерлери. Архив
Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизсиз төлөнгөн айлык жана тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар саламаттык сактоо тармагына он миллиондогон зыян алып келген

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. 2017-жылдын жети айында Саламаттык сактоо министрлигинде катталган финансылык мыйзам бузуунун көлөмү 44 миллион 450 миң сомду түзгөнүн мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам бузуулар көп катталган багыттар:

  • Медициналык жабдыктарды сатып алуудагы мыйзам бузуу — 19 миллион 776 миң сом;
  • Тендер өткөрбөстөн товар жана кызматтарды сатып алуу — 9 миллион 217 миң сом;
  • Негизсиз айлык төлөө — 10 миллион 263 миң сом, ошондой эле Социалдык фондго — 1 миллион 567 миң сом төлөнгөн;

Андан сырткары, 1 миллион сомдук түрдүү мыйзам бузуулар катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина боюнча консультанты Бермет Барыктабасова социалдык тармакка "12 оорукананы текшере келгенде эле он миллиондогон сомдук мыйзам бузуулар аныкталды" деп жазып чыкты. 

Ал эмне үчүн керектүү органдар тыкыр текшерүүгө албай жатканын айтып, бул каражаттарды сот аркылуу саламаттык сактоо системасына кайтаруу керектигин баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0