10:52 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Электр тармагында иштеген кызматкерлер. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда баркы кетип бара жаткан кесиптер. Рейтинг

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
584 0 0

Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда өз кесибин фермерлер, тоо жумушчулары жана маданият тармагынын кызматкерлери көп өзгөрткөн

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети түрдүү тармакта эмгектенгендердин саны кантип өзгөрүп жатканы боюнча отчет жарыялады. Sputnik Кыргызстан агенттиги акыркы беш жылда кайсы тармактын кызматкерлери азайганы тууралуу рейтинг түздү.

1. Административдик ишмердик. 2012-жылга салыштырмалуу бул тармакта иштегендердин саны үчтөн бирге азайган. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 13 миң киши дал ушул жаатта иштейт.

2. Кен казуу. Тоо-кен тармагындагы иштеген кара жумушчулардын, инженерлердин, геологдордун саны төрттөн бирге кыскарып, учурда бул жаатта 10 миң киши эмгектенет.

3. Илимий техникалык ишмердик. Илим жаатында эмгектенгендердин саны акыркы беш жылда 17 пайызга азайып, учурда алардын саны 15,5 миңди түзөт.

Педиатр. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Александр Кондратюк
4. Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу. Кыргызстандыктар аз майрамдап, көңүлдүн жайлуулугу үчүн аз убакыт бөлүп калышкандай. Себеби, адамдарга шаттуу көңүл тартуулоо тармагында иштегендердин саны 15 пайызга кыскарган.

5. Энергетика. Кыргызстандыктардын үйүнө жылуулук тартуулаган кызматкерлер дагы беш жыл ичинде 15 пайызга төмөндөгөн. Учурда өлкө боюнча 29 миң киши дал ушул тармакта эмгектенет.

6. Айыл-чарбасы. Акыркы беш жылда фермерлердин 8 пайызы өз кесибин өзгөртүүнү чечкен. Учурда талаада маңдай терин төгүп 633 миң кыргызстандык иштейт.

7. Мамлекеттик башкаруу, коргонуу жана социалдык камсыздөө. Беш жыл ичинде бул жаатта иштегендер 7 пайызга азайган.

Статистикага караганда риэлторлук компанияларда иштегендердин саны тездик менен өскөн. 2012-жылдан тарта кыймылсыз мүлк жаатында иштегендердин саны 41 пайызга өскөн.

Тема боюнча

Адамды ажал оозунан сууруп алган кыргызстандык 10 дарыгер
Кыргызстанда жарандар өзүн канчалык коопсуз сезе алат? Рейтинг
Катары суюлган дарыгерлер. Рейтинг
Белгилер:
илим, курулуш, кесип, Улуттук статистикалык комитети

ЭҢ МААНИЛҮҮ