Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Эртең республиканын башка аймактарында күн ачык болгону менен түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарында жамгыр жаайт

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын көпчүлүк аймагында жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет билдирди.

Последствия ливневых дождей в Ысык-Ате - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Ата районунда суу каптоо коркунучу жоюлду
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй менен Таласта 25…30 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да күн ачык болуп, абанын жылуулугу 27…30 градуска жетээри күтүлүүдө. Ал эми Ысык-Көл жана Нарында күндүзү ысык 20…25 градуска жетип, түнү жамгыр жаай тургандыгын кабарланды.

Бишкекте 28…30 градус жылуу болсо, Ош шаарында андан 30-32 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0