Кыргызстандагы бала бакчага барган балдардын саны эки эсеге өстү

Жазылуу
Эгер алты жыл мурун өлкө боюнча бала бакчалар 73 миң баланы батыра алса, бүгүнкү күндө бул сан 173 миңге жетти

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Акыркы алты жыл ичинде бала бакчаларга барган наристелердин саны эки эсе көбөйгөнүн Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын 100 жыл мурунку жана азыркы балдары. Урпактардын тарыхы сүрөттө - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын 100 жыл мурунку жана азыркы балдары. Урпактардын тарыхы сүрөттө
Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстандын туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясы жаңы кабыл алынган 2011–2012-жылдары балдар бакчасы жети жашка чейинки бардык балдардын 14,5 пайызын гана батыра алчу.

Ошол себептүү аталган стратегия мектепке чейинки билим берүү жаатына өзгөчө көңүл бурган.

Эгер алты жыл мурун өлкө боюнча бала бакчалар 73 миң баланы батыра алса, бүгүнкү күндө бул сан 173 миңге жетти. Аны менен катар мурда 240 саатка согулган окуу программасы 480 саатка чейин көбөйтүлгөн.

Ал эми республикалык бюджеттин бул жаатка багытталган чыгымдары 20 эсеге өсүп, 12,3 миллиондон 229,9 миллион сомго жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0