Чет элдиктердин эсебинен башыбыз көбөйүп... КР жарандыгын кимдер алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылы алты миңден ашык чек элдик жаранга Кыргызстандын жарандыгы берилген

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент кол койгон мыйзамга ылайык, былтыр 6 224 чет элдик киши Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын 3 366сы — аял, 2 858и — эркек.

Статистикалык маалыматка караганда жарандык алгандардын жарымы Өзбекстанда туулса, үчтөн бири Казакстанда жарык дүйнөгө келген. Ошондой эле мекенине кайтууну чечкен кыргызстандыктар бар. Жарандык алган 539 кишинин кайда туулганы боюнча маалымат жок.

Кыргызстандын паспортун алгандардын арасында Марокко, Йемен, Алжир жана Эфиопияда туулгандар дагы бар. Жалпысынан жарандык алган төрт кишинин үчөө этникалык кыргыздар.

Алардын жаш өзгөчөлүгүн алып караганда 18 жаштан 41 жашка чейинкилер 41 пайызды түзөт. Жарандык алгандардын эң улуусу 91 жашта. Ал Россияда туулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0