Кечээ 38 жаштагы киши менен 10 жашар кыз сууга чөгүп кетти

© Фото / МЧС РФ / Медиабанкка өтүүСуучулдардын опперациясы. Архив
Суучулдардын опперациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши менен кыздын сөөгүн куткаруучулар туугандарына өткөрүп беришкен

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кечээ Ала-Бука жана Сокулук райондорунда 38 жаштагы киши менен 10 жашар кыз сууга чөгүп каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Ысык-Көл менен Кара-Сууда эки адам сууга чөгүп, бирөөнүн сөөгү табылды
Биринчи кырсык Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычында болуп, 38 жаштагы кишинин сууга чөккөндүгү тууралуу кабар кечки саат сегиздерде түшкөн. Куткаруучуларды кошкондо 50 адам издеп, сөөк бир нече убакыттан кийин табылган.

Экинчи окуяда Асылбаш айылындагы ойноп жаткан кыз каналга түшүп кеткен. Куткаруучулар баланын сөөгүн таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0