21:54 18 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Оорукана. Архивдик сүрөт

Өлкөнүн эң көп дарт чалган аймактары. Рейтинг

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
1611 0 0

Өлкөнүн кайсы аймагындагы эл рак жана сифилис оорулары менен көп ооруй турганын Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Улуттук статистика комитети оорулардын да эсебин алат. Sputnik Кыргызстан агенттиги статистикалык маалыматтарды иликтеп, кандай дарт кайсы аймакта көп жайылганынын рейтингин түздү.

Мекеменин маалыматына ылайык, онкологиялык оорулар менен Чүй облусунун тургундары көп жапа чегет. Бул дарт жыл сайын 100 миң кишинин 132синде табылат. Ал эми Бишкек шаарында болсо жылыга 118 киши чалдыгат. Үчүнчү орунда Ысык-Көл облусу турат.

Кургак учукка кабылгандардын саны боюнча көч башында Чүй облусу менен Бишкек шаары (143 жана 134 100 миң кишиге туура келет) турат.

Сифилис оорусу Ысык-Көл менен Ош облусунда тездик менен жайылууда. Жыл сайын бул дарт 100 миң кишинин 28инен табылат. Нарын облусунда болсо жылына 19 киши сифилиске туш болот.

Ичеги-карын оорусу менен ооругандардын арасында Баткен облусу алдыда турат. Жергиликтүү тургундардын бир пайызы жылына уулануу жана башка жагдай менен дарыгерлерге кайрылат.

Тема боюнча

Оору менен алышкан үч жашар Айназик Турдубекова көз жумду
Йеменде холера оорусуна шектелген 368 миң адам катталды
Кыргызстанда коркунучтуу оорулар боюнча беш күндүк семинар өтөт
Белгилер:
медицина, ден соолук, Улуттук статистикалык комитети

ЭҢ МААНИЛҮҮ