Күн салкындайт! Аба ырайынын бир жумага карата божомолу

© AFP 2023 / JAVIER SORIANOЖара в Мадриде
Жара в Мадриде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө 31-июлдан тарта аба ырайы бир аз сээрүүндөйт

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. 27-28-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Рафтинг спортчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүрөгүң тообу? Кыргызстанда экстремалдуу эс алуунун 7 түрү
Маалыматка караганда, 29-30-июлда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү божомолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

31-июлда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Ошондой эле абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Ал эми 1-августта туруксуз аба ырайы болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0