Көп аялдуулукту мыйзамдаштырууну сурамжылангандардын 22 пайызы колдойт

Жазылуу
Сурамжылоону бейөкмөт уюм жүргүзүп, ага 700 киши катышкан

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Дин кызматкерлеринин Кыргызстанда көп аялдуулукка мыйзам негизинде уруксат берүү сунушун сурамжылоого катышкандардын 21,7 пайызы колдойт. Мындай көрсөткүч "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" бейөкмөт уюму тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде белгилүү болду.

Аталган уюм Бишкек менен Ош шаарларынын жана жети облустун 18 жаштан жогорку 738 тургунуна суроо узаткан. Сурамжылоо 2017-жылдын 5-12-июль аралыгында жүргүзүлгөн. Бул идеяга жарандардын 67,5 пайызы каршы чыккан.

"Дин кызматкерлеринин мындай пикирине карабастан, жарандардын көпчүлүгү көңүлдү балдарга тарбия берүүгө, кыздардын сапаттуу билим алуусуна буруу керектигин айтышты", — деп айтылат маалыматта.

Уюмдун маалыматына караганда, сурамжылоого катышкандардын кээ бири көп күйөөгө тийүүчүлүктү да колдогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0