Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкө аймагында жаан чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылган.

Күн Чүй, Талас өрөөнүндө 30…35 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 32…37 градус, Ысык-Көл менен Нарында 29…34 градус ысык болот.

Ош шаары менен Бишкекте күн ачык болуп, күндүн табы 36 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0