Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтанда ойноп жаткан балдардын архивдик сүрөтү
Фонтанда ойноп жаткан балдардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө 30…35 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 31…36 градус, Ысык-Көл менен Нарында 25…30 градус ысыйт.

Бишкек, Ош калааларында күн ачык болуп, 35 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0