Уккан кулак сүйүнсүн: төрөт маалында өлгөн энелердин саны азаюуда

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүЫмыркай көтөргөн эне. Архив
Ымыркай көтөргөн эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш энелердин өлүмү боюнча иликтөөгө ылайык быйыл каза болгондордун экөө Россияда иштеп жүрүп төрөөргө саналуу күндөр калганда Кыргызстанга келген мигранттар болгон

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда төрөт маалында каза тапкан энелердин саны азайгандыгын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жатында чирий баштаган түйүлдүк... Бишкектеги төрөтканадан репортаж
2016-жылы 100 миң төрөттө 30,3 эне көз жумган. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 21,3% пайызга төмөн дегенди түшүндүрөт.

Министрликтин 2017-жылдын 10-июлундагы маалыматы боюнча, быйыл беш ай ичинде республика боюнча 18 аял төрөт маалында жана андан кийин каза болгон. Ал эми 2016-жылы беш айда 24 ымыркай энесиз калган.

Төрөт маалында көз жумган энелердин саны Ош шаары менен Жалал-Абад облусунда мурдагы жылдарга салыштырмалуу өскөнү айтылат.

Жаш энелердин өлүмү боюнча иликтөөгө ылайык быйыл каза болгондордун экөө Россияда иштеп жүрүп төрөөргө саналуу күндөр калганда Кыргызстанга келген мигранттар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0